Чему вы научитесь
- 📚 Бул курста сиз үйрөнө аласыз:
- Python синтаксисинин негиздерин;
- Өзгөрмөлөр, шарттуу операторлор, циклдер жана функцияларды;
- Практикалык тапшырмалар менен код жазууну;
- Чыныгы маселелерди чечүүдө Pythonду колдонуу ыкмаларын.
- 💡 Эмне үчүн ушул курсту тандоо керек?
- Материал кыргыз тилинде түшүндүрүлгөн;
- Ар бир сабактан кийин интерактивдүү тапшырмалар бар;
- Автоматтык текшерүү менен жоопторуңуз дароо бааланат;
- Өз темпиңизде үйрөнө аласыз — каалаган убакта, каалаган жерден окуй аласыздар!
О курсе
Бул курстун негизги максаты — студенттерге жана жаңы үйрөнүп жаткан колдонуучуларга Python программалоо тилинин негиздерин жеткиликтүү жана түшүнүктүү түрдө үйрөтүү. Курсту бүткөндөн кийин катышуучулар жөнөкөй программаларды өз алдынча түзүп, алгоритмдик ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, реалдуу маселелерди Python тилин колдонуу менен чече билүүгө багыттоо.
Для кого этот курс
Начальные требования
Бул курс жаңы баштагандар үчүн ылайыкталган. Курска катышуу үчүн атайын техникалык билим талап кылынбайт, бирок төмөнкү жөндөмдөр пайдалуу болот:
-
Компьютер менен иштөө боюнча элементардык түшүнүк (файл сактоо, интернетти колдонуу ж.б.);
-
Логикалык ой жүгүртүү жана жаңы нерсени үйрөнүүгө даяр болуу;
-
Компьютерге Python программалоо тилин орнотуу (жөнөкөй көрсөтмөлөр менен берилет);
-
Туруктуу интернет байланышы — сабактар онлайн форматта өтөт.
Бардык материалдар жөнөкөй тил менен, кыргызча түшүндүрүлөт. Курсту өтүү үчүн сизге каалоо жана күнүнө бир аз убакыт гана керек!
Наши преподаватели
Программа курса
Что вы получаете
- Python программалоо тилинин негизги түшүнүктөрүн — өзгөрмө (переменные), шарттуу операторлор, циклдер, функциялар — өздөштүрөсүз;
- ✅ Жөнөкөй программаларды өз алдынча жазып жана ишке киргизе аласыз;
- ✅ Программалоодо логикалык ой жүгүртүүнү жана маселени этап-этабы менен чечүүнү үйрөнөсүз;
- ✅ Stepik платформасында тапшырмаларды аткарып, автоматтык баалоо аркылуу өз билимиңизди текшерип турасыз;
- ✅ Алган билимиңизди жумуш издөөдө же башка программалоо курстарына өтүүдө колдонсоңуз болот.
- 🚀 Бул курс — сиздин программалоо дүйнөсүнө болгон алгачкы ишенимдүү кадамыңыз!